Биз менен байланышыңыз

Чүйдөгү айылдарды өнүктүрүүгө 11 млн доллар жумшалды

Коом , Экономика | 13 Окт 2021 | 1086 | 0

Коомду өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып жатат. Анын максаты жакырчылыкты жоюу жана социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу болуп эсептелет. Долбоордун жалпы бюджети 11 млн долларды түзөт.

Чүй облусундагы 1967-жылы салынган Чалдовар мектебинин спорттук залы жок болчу. Ошол себептен окуучулардын дене тарбия сабагына катышууга жана спорттук иш-чараларды уюштурууга мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес. Фрунзе айыл өкмөтү сунуштаган чакан долбоорлордун ичинен райондук конкурстук комиссия спорт зал салуу долбоорун колдогон. Кийин ал Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан жактырылган. Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Эрназар Нурмухаммедов спорт залдын ачылышы менен айылдагы бир канча жаран үчүн жумуш орундар да түзүлгөнүн айтты.

«Спорт зал бир кабаттуу. Анда оюн залы, инструктордун бөлмөсү, спорттук шаймандар үчүн жай, душ жана ажаткана бар, эркектер менен кыздардын чечинип-кийинүүчү бөлмөлөрү да каралган. Имараттын жалпы аянты 630 чарчы метр. Бүгүнкү күндө залда 120 окуучу күрөш, 30дан ашуун окуучу бокс менен машыгып жатат. Булардан башка да балдарды чогултуп жатабыз. Машыктыруучулар жетиштүү. Толук камсыздалган. Жергиликтүү демөөрчүлөр да салым кошууда. Ошондой эле электрик, тазалык кызматкерлери, кароолчу жана машыктыруучулар үчүн да жумушчу орундар түзүлдү. Алар өзүнүн маянасын алып иштеп жатышат».Панфилов районунун Курама айылында буга чейин сугат суу тартыш болуп келген. Мындан улам айтылган программага атайын долбоор жазылып, айылдагы Сай каналы оңдолду. Мунун арты менен аңыз-шалбаага сууну өз учурунда толук жеткирүү иштери жакшырды. Панфилов районунун суу башкармалыгынын инженери Нарынбек Сарымсаковдун айтымында, бул канал 70 жылдан бери оңдолгон эмес.

«Сай чарбалар аралык каналы 1949-жылы курулган. Каналдын негизги булагы болуп Жарлуу-Кайыңды суусу саналат. Каналдын жалпы узундугу 6,7 километрди түзүп, 6 даана гидротехникалык курулма, 6 даана гидротосмо жана 1 даана өткөөл бар. Канал 400гө жакын дыйкан жана фермер чарбаларын, Орто-Арык, Панфилов, 5-Партсъезд, Кум-Арык айылдарын суу менен камсыздайт. Ушул долбоордун жардамы менен канал толук оңдолду. Каналдын 4 километри бетондолуп, калган 2,7 км таш менен төшөлгөн. Бүгүнкү күндө 2654 гектар жер ушул канал аркылуу сугарылат. Ошондой эле чарбалар аралык каналдын №1 жана № 2 суу сактагычында суу сакталат. Долбоордун жалпы суммасы 25 млн 266 миң 396 сомду түздү».Жайыл районунун Калинин айылындагы «Алёнушка» бала бакчасынын имараты 40 жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Бала бакчанын медайымы Мадина Чокморова балдар мектепке чейинки билим алуу үчүн тиешелүү шарттарга муктаж болуп келгенин белгилейт.

«Демилгенин аркасында бала бакча үчүн жакшы иштер аткарылды. Имараттын ичи-сыртын жаңыладык. Жылытуу системасы киргизилди. Жаңы канализациялык түйүн жасалды. Чатырды толук алмаштырдык. Бардык эски терезелер менен эшиктер жаңы металл-пластиктерге алмаштырылды. Имараттын жалпы аянты — 1200 чарчы метр. Негизгиси, балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Ичиндеги эски эмеректер жаңысына алмаштырылды. Объекттин оңдоого 9 969 308 сом жумшалды».Ал эми Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасында биринчилерден болуп саламаттыкты сактоонун электрондук элементтери киргизилди. Бейтаптар үчүн да керектүү шарттар түзүлгөнүн Аймактык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Жалынбек Токманбетов көрсөттү.

«Оорукананын реанимация бөлүмү 1956-жылы курулган эски имаратта жайгашкан. Койкаларды жана медициналык жабдууларды жайгаштыруу үчүн орундар жетишсиз болгон. Мындан улам палаталарда эркектер менен аялдар чогуу жайгаштырылып келген. Ал эми жол кырсыгынан жана башка өзгөчө кырдаалдардан улам адамдар көп түшкөн учурда оорулуулар коридорго жаткырылчу. Бул ооруканага жылына 2 миңге жакын бейтап келип түшөт. Оңдоонун натыйжасында санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу, реанимациялык койкалардын санын көбөйтүү, медициналык жабдууларды жайгаштыруу үчүн, кызматкерлердин иштеши үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Реанимация бөлүмүндө операциялык бөлмө жана 9 койка бар. Алар керебеттин жанындагы мониторлор жана кычкылтек өткөргүчтөр менен камсыздалган. Мындан сырткары ИВЛ жана башка зарыл болгон техникалык жабдуулар бар. Жаңы реанимация бөлүмүнүн штаты 40 адамдан турат. Ошондой эле саламаттыкты сактоонун жаңы электрондук системасы бейтаптардын убактысын үнөмдөөгө, административдик бөгөттөрдү азайтууга мүмкүндүк берет».Чүйдүн Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорундагы коомдук имараттарды оңдоо жана жаңысын салуу демилгеси Коомду өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылууда. Ал эми долбоорду Ислам өнүктүрүү банкы каржылайт.

Долбоор 2017-жылы башталган, ушул жылдын декабрь айында аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM