Биз менен байланышыңыз

«Михаил Саакашвилинин тышкы саясатта да колдоочулары бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Окт 2021 | 686 | 0

Михаил Саакашвилини КМШ мамлекеттеринин лидерлеринин арасынан суурулуп чыккан уникалдуу инсан деп айтсак болот. Мындай пикирин саясат таануучу Бакыт Сейитбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ал Американын жардамы менен «роза» революциясын өткөрдү. Грузияда 2 мөөнөткө президент болду. Коррупцияга каршы күрөштү уюштурду, ага каржыны батыштан алып турду. Өкмөткө каржыны батыштан алып турганы байланыштын бекемдигин билдирет.

«Азыр болсо, Саакашвилинин таянычы бар болуп жатат, анын партиясы жогорку деңгээлге жетти. Партиясы жергиликтүү шайлоого катышып жатканда, эч нерседен коркпостон «мен келем» деп келип алды. Түрмөгө отуруп берип жатат. Эми түрмөгө отуруп алып да өкмөт башчысына «коркпо, мен сени алып түшөм» деп атпайбы. Демек мунун кандайдыр бир деңгээлде жеке эле ички саясатта эмес, тышкы саясатта да колдоочулары бар»,  — дейт саясат таануучу.

Ал Грузия менен Орусиянын ортосундагы согуштан кийин Грузияга эмес, Түштүк Кавказга кызыгуу күчөй баштаганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM