Биз менен байланышыңыз

«Халал парк» 2-3 жылда жакшы жыйынтык көрсөтөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Окт 2021 | 550 | 0

«Халал парк» иштеп калса, 2-3 жылда жакшы жыйынтык көрсөтө алабыз. Бул тууралуу «Кыргызстан-Малайзия» корпорациясынын негиздөөчүсү Рамис Карымшаков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, «Халал парк» этти өздөштүрүүчү комбинат сыяктуу болот, бирок адал стандарттардын негизинде, адал сертификаттардын негизинде иштейт.

«Бизде көптөгөн эт комбинаттар иштеп турар эле, бул долбоор ошол секторду кайра жандандырганга мүмкүнчүлүк берет. Анткени азыр деле коңшу өлкөлөргө караганда, бизде эт жакшы. Ошол этти өндүрүүнү өнүктүргөнгө да чоң салым кошот», — деди Карымшаков.

Долбоор мал багуу, союу, аны таңгактоо сыяктуу бардык этапты толук циклде камтыйт. Тактап айтканда, малдын жеген чөбүнөн, кандай вакцинация, кандай ветеринардык жардам алганы, алар адалбы, кантип союу керек — ошонун баары каралат.   Анткени шариятта малды союунун да өзүнүн эреже, талаптары бар. Ошол эле «Халал паркта» иштеп жаткан адамдарга болгон атайын бир стандарттар болот. Бул стандарттарды Малайзия 15-20 жыл мурун эле иштеп чыгып, учурда 22 халал парк иштеп жатат.

«Ошолордун тажрыйбасын Кыргызстанга колдонууну максат кылабыз. Кыргызстанда мүмкүнчүлүк абдан чоң, себеби биздин динибизге, салтыбызга жараша эле биздин жеген нерселерибиз адал. Бир гана маселе — ошол өзүбүздүн салт-санаабызды эле эл аралык деңгээлге чыгаруу керек», — деди ал.

Ал бул долбоор ишке ашса, 2-3 жылда жакшы жыйынтык көрсөтө аларын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM