Биз менен байланышыңыз

«Халал парк» этти 50 өлкөгө экспорттоого шарт түзөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Окт 2021 | 426 | 0

«Халал парк» долбоору Кыргызстандын потенциалдуу болгон эт тармагын, эт продукциясын мусулман өлкөлөрүнө экспорттоо шартын түзүп берет. Бул тууралуу «Кыргызстан-Малайзия» корпорациясынын негиздөөчүсү Рамис Карымшаков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда чындап эле мүмкүнчүлүк жогору. Бирок сертификация жок болгондуктан, экспорттой албайбыз.

«А Малайзия көптөн бери халал индустриясында биринчи орунду ээлеп, Малайзия өлкөсүнүн стандарттары 50 мамлекеттин арасында кабыл алынган. Бул эмнени билдирет? Эгер долбоор ишке ашып калса, эт продукциясын айтылып кеткен 50 мамлекетке жеңил экспорттоого шарт түзүлөт», — дейт Карымшаков.

Этти канча көлөмдө экспорттоо керек, парк Кыргызстандын кайсы аймагында орун алышы керек, ал Кыргызстандын мыйзамына канчалык деңгээлде ылайык келет, кайсы коңшу мамлекеттерге логистика тарабынан экспорттой алабыз, ушунун бардыгы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинде жазылат. Биринчи этапта  маалыматтар чогултулат, ага жарым жылдай убакыт кетет. Ошондон кийин гана жогорудагы суроолорго жооп алынат. Ошол маалыматтын негизинде ишкананын жеке, же мамлекеттик болору чечилет.

Кыргызстанда «Халал парк» долбоору иштеп баштаганы турат

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM