Биз менен байланышыңыз

Ошурахунова: Парламентти алсыраткандар — президенттер

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Окт 2021 | 581 | 0

Кайра эле добуш сатып алуулар болуп жатканы эл өткөндөн сабак албаганынан кабар берет. Мындай пикирин шайлоо системасына байкоо жүргүзгөн эксперт, укук коргоочу Динара Ошурахунова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы ушундай добуш сатып алуу менен келген VI чакырылыш «чимкирик» аталган, баары тең абдан нааразы болгон. Бирок ошол эле депутаттар бул шайлоодо кайра бара жатат.

«Эми аларды колдобойт деп да айта албайм, эгер аларда акча бар болсо, өздөрүнүн округдарына, айылдарына барып колдоо табат. Эл ушуну түшүнбөй жатат, менин бир добушум эч нерсе чечпейт дейт. Ал бир күндүк 1000 сом, 2000 сом  же 5000 сом болобу, ошону менен мамлекеттин 5 жылын чечип коюп жатпайбы. Ушул аң-сезими жок, эч нерсени түшүнбөгөн адамдарды биз шайлап атпайбызбы, акча менен болобу, административдик ресурс менен болобу, биз шайлап коюп атабыз. Анан өзүбүз нааразы болуп атабыз», — дейт ал.

Ал барган сайын парламент алсыз болуп баратат деген ойлорго кошуларын белгилеп, Жогорку Кеңешти алсыраткандар президенттер экенин белгиледи.

«Эми андай дайыма эле президенттер тарабынан болуп келген, эч нерсе кыла албайбыз деп барбай койгонго болбойт. Кандай болсо да, ошол жакка барып сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүктөрү бар кезде баруу керек. Бирок эми ошол парламентке кантип жетүү деген бул эми башка суроо», — деди Ошурахунова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM