Алдамчылык — бул Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204- беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш. Бул тууралуу «Маралдын» «Юристтен кеңеш» саатында жактоочу Нурсултан Жаныбеков билдирди.
Жактоочунун айтымында, бир адамдын үй-мүлкүнө, жеке менчигине эч кандай ур- токмоксуз, зордук- зомбулуксуз, ишеничке кирүү жолу менен ээлик кылып алган болсо, ал алдамчылык болуп эсептелинет.
Алдамчылык эки түрдө жасалат. Биринчиси кылмыш иретинде, экинчиси жарандык тартипте. Кылмыш иретиндеги алдамчылыкты карасак, анда ишеничтен аша чабуу жолу менен менчикти өз карамагына каратып алат. Жарандык тартипте айта турган болсок, жарандар карыз берүүнү көнүмүш адат кылып алышкан, жакын адамдарына же тааныштарына жана өзүнүн туугандарына тил кат беришет, карыз алуу келишимдерин түзүшөт, ошол экөөнүн негизинде алдамчылыктын эки түрү.
— Кандай учурда алдамчылык жарандык тартипте каралат, кандай учурда жаза тартибинде каралат?
Экөөнүн айырмасы ортодогу документтин негизинде. Жазага тартылбай калган учур жарандык тартипте каралат.
Эгер эч кандай документ жок алып кете турган болсо, анда кылмыш катары саналып жазага тартылат. Ортодо документ болгон болсо, анда сот аркылуу чечиш керек болот, жазадан бошотулат.
-Алдамчылык ишеничке кирип бир буюм- тайымын тартып алуу дедиңиз, анда тоноо, опузалап коркутуу, уурдоодон айырмасы эмне болуп калат?
Алдоо бул ишеничке кирүү менен болсо, тоноо бул ачык, элдин көзүнчө жулуп качуу, тоноп кетүү, телефонун тартып алуусу.
Опузалап коркутуу болсо,« эгер акча бербесең сабап кетебиз», «балдарынды уурдап кетебиз» же «бизнесиңди өрттөп кетебиз же өзүбүзгө алып алабыз» деп реалдуу коркунучтарды койгондо, бул опузалоо болуп эсептелет. Мындай учурда мыйзам чегинде сөзсүз жазага тартылышат.
— Алдамчылык менен кармалып калган адамдарга кандай чара көрүлөт?
Жазалардын түрү бар: айып пул, эркинен ажыратуу. Эгер жашы жете электер 100 миң сомдой алдамчылык менен кармалса, 1 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Эгер жашы жеткендер болсо, анда 2 жылдан ашык убакка эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Эгер бул атайын уюшулган топ менен болсо анда 5 жылга ажыратылышы мүмкүн.
500 миңден же 1 млндон ашык сомго алдоо болсо, анда 7 жылдан ашык эркинен ажыратылышы мүмкүн. Жазалар дагы акчанын суммасына жараша болот. Жаза эркинен ажыратуу же айып пул төлөө катары берилет.