Биз менен байланышыңыз

Каржы пирамидасына алдангандар эмне кылса болот? Юристтен кеңеш

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Окт 2021 | 569 | 0

Каржы пирамидасына алданып, акчасын жедиргендер жашаган району боюнча ички иштер органына кайрылуусу керек. Бул тууралуу адвокат Нурсултан Жаныбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, каржы пирамидасына алданып калгандар баардык иш кагаздарын, сүрөт, аудиолорду, видео жазууларын, күбөлөрдү топтошу керек. Анан Кыргызстандын азыркы мыйзамы боюнча кылмыш болгон жердеги ички иштер органына арыз менен кайрылуу керек.

«Кыргызстанда азыр бекер юридикалык жардам бар, ал жакта лицензиясы бар жактоочулар, квалификациялуу, жогорку билими бар укук коргоочулар бекер юридикалык жардам беришет. Дареги: Жибек жолу-Ибрагимов көчөлөрүнүн кеслишинде мурдагы «Эльдорадонун» 4- кабаты. Ал жакка барса, жарандарды кабыл алышып, бекер юридикалык кеңеш беришип, тиешелүү адвокаттарды берип, жардам беришет. Биздин жарандар бекер юридикалык кеңеш алууга укуктуу жана бул Конституцияда да жазылган», — дейт адвокат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM