Биз менен байланышыңыз

Батумиде көп кабаттуу үйдүн бир бөлүгү урап, беш киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2021 | 997 | 0

Кечээ, 8-октябрда Грузиянын Батуми шаарында жети кабаттуу үйдүн бир бөлүгү урап беш киши каза болду. Ошондой эле урандынын алдында үч жаш бала калышы мүмкүн экендиги айтылып, куткаруучулар иш алып барууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Ал арада Грузиянын Ички иштер министрлиги Батумидеги үйдүн кулашына шектүү катары үч адамды кармады. Тергөөнүн жүрүшүндө Батуми шаарынын 26 -Май көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн биринчи кабатындагы батирлердин биринин ээси батирди оңдоо үчүн эки жаранды жалдаган. Алар коопсуздук эрежелерин одоно бузуу менен батирде курулуш жана оңдоо иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында көп кабаттуу үйдүн бир бөлүгү урап түшкөн.

Кармалгандар эки жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM