Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаңы милиция бөлүмү ачылды

Кыска кабар | 9 Окт 2021 | 247 | 0

Бишкекте “Мадина” базарынын аймагында Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы милиция бөлүмү ачылды. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаардык ИИББдин башчысы Азамат Ногойбаев, начальниктин орун басары Тилек Түкебаев, Свердлов райондук милициясынын башчысы Азамат Байгазиев, “Мадина” базарынын жана. “Элчи”ЖЧКнын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, милициянын жаңы ачылган бөлүмү 09:00дөн баштап 22:00гө чейин иштейт, жарандарды жана шаардын конокторун кабыл алуу, коомдук коопсуздукту жана жарандардын укугун коргоо боюнча өз убагында жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар каралган. Милициянын аталган пунктунда 4 кызматкер иштеп жатат, алар ушул аймакты тейлешет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM