Биз менен байланышыңыз

Бакыт Төрөбаев: Шайлоо калыс өтөрүнө ишенем

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2021 | 753 | 0

28-ноябрдагы шайлоо калыс болот деп ишенем. Мындай пикирин «Өнүгүү-прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мурунку шайлоодо «көп акча роль ойноп, административдик ресурс иштейт» деген анализ болгондуктан, катышкан эмес.

«Кечээки 11- апрелде болгон шаардык кеңешти шайлоодо Бишкек менен Оштун жыйынтыктары жокко чыгарылды. Ошонун негизинде бүгүнкү күндө партиялар мыйзам бузууга барбайт. Бул — бир. Экинчиден, 11-июлдагы шайлоого биз катыштык, анда административдик ресурсту колдонуу деген болгон жок. 5 жыл мурдагыдай, 2020-жылдагы шайлоодогудай болгон жок. Чынында эл менен иштештик. Ошого былтыркыны эске алып,  11- апрелди эске алып, 28- ноябрдагы шайлоо мурдагыдай болбойт, калыс болот деп ишенем», -дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM