Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: «Өнүгүү-прогресс» 5-6 партия менен сүйлөшүп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2021 | 512 | 0

«Өнүгүү-прогресс» партиясы бир эмес, 5-6 партия менен сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу партия лидери Бакыт Төрөбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кайсы партиялар менен сүйлөшүү болгону тууралуу жакында өтө турган съездде расмий жарыяланат.

«Ата Журт» партиясы менен да, башкалар менен да сүйлөшүү болуп атат. Кыргызстан — бул биздин мекенибиз, ошо келечекте Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн кайсы программа, кайсы идея менен барабыз, ошонун айланасында биз абдан көп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бир эле партия менен эмес, 5-6 партия менен сүйлөшүп жатабыз. Конфигурацияны сүйлөшүп атабыз, жаңы Конституциянын негизинде кандай иш алып барабыз, парламент кандай болушу керек, кайсы кадрлар келиши керек, кадрлардын тажрыйбасы, азыркы учурда иштеп аткан өкмөттүн мүчөлөрүнүн алсыздыгы, биз ошонун баарын терең сүйлөшүп жатабыз. Оюбуз эптеп эле парламетке кириш эмес, оюбуз -мамлекеттин алдыга жүрүшү», -дейт Төрөбаев.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM