Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: мектептерде маалымат жумалыгы өткөрүлдү

Коом | 8 Окт 2021 | 688 | 0

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Кыргызстандын мектептериндеги окуучулар жана мугалимдер арасында COVID-19 алдын алуу жана санитардык-гигиеналык маданиятты жайылтуу» долбоорунун алкагында мектептерде маалымат жумалыгын өткөрдү. Анын алкагында мугалимдер жана мектеп окуучуларына тийиштүү кеңештер берилди. Муну менен катар электрондук билим берүүчү платформа иштелип чыкты. 

Кыргызстандагы мектептерде коронавирус илдетинин жайылып кетишинин алдын алуу боюнча башталган маалыматтык долбоор 2021-жылдын майынан тарта ишке ашырыла баштаган. Аны ЮНЕСКО уюму, Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду жүзөгө ашырууда.

Анда окуучулардын жана ата-энелердин арасында коронавирустук инфекциянын алдын алуунун негизги чаралары көрсөтүлгөн.

Долбоордун экинчи бөлүгүндө педагогдордун санариптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, окуу-тарбиялоо процессинде түзүлгөн электрондук-билим берүү платформасынын материалдарын пайдалануунун жеткиликтүү ыкмалары жана окутуунун инновациялык методикалары жагынан практикалык блоктор көрсөтүлгөн.

Долбоордун координатору Нурзат Жээмбаева, учурда бул демилге мамлекеттеги мектептер үчүн маанилүү экенин түшүндүрдү.

«Бул кыска мөөнөттө аткарылган долбоор. Окуу башталганга чейин пилоттук түрдө 8 мектептин мугалимдери үчүн онлайн жана оффлайн тренингтерди өткөрдүк. Бул тренингтердин максаты – мектеп мугалимдери жана окучуулары үчүн коронавирустун алдын алуу, алардын жашоо шарттагы жүрүм туруму боюнча туура, тастыкталган маалыматтарды берүүгө аракет кылдык. Бул маалыматтар сабак учурунда жана класстык сааттарда мугалимдер аркылуу окуучуларга жеткирилип жатты. Тапшырмалар практика жүзүндө ишке ашырылды. Мындан сырткары фонд санариптик сабаттуулукту жогорулатуу боюнча «Санарип 50+» долбоорун ишке ашырып жатат. «Педагогдун ишинде материалдарды санариптик жасалгалоо технологиялары: тартуу, видео монтаж жана дизайн» жана «Санарип жана окуу процесси» деген темаларга эки теориялык блокту жана бир практикалык мастер класс өтүлдү. Алар окуу процессинде санариптик мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу боюнча негизги методологияларды бөлүштү. Платформанын базасында пикир сурамжылоолорду жана интеллектуалдык викториналарды кантип өткөрүү керектиги жагынан маалымат берилди. Ошондой эле окутуучулар презентацияларды түзүү үчүн Canva жана педагогикалык иште колдонууга боло турган видеомонтаж менен иштөө үчүн Inshot программаларын пайдаланууга үйрөтүлдү».

Сөз болуп жаткан долбоорго катышкан Ош шаарындагы мектептердин биринин директору Махпурат Маматалиеванын айтымында, жумалык аяктаса да көрсөтмөлөр практика жүзүндө пайдаланыла берет.

«Долбоордун жүрүшүндө мектептеги балдардын коомдогу жүрүм туруму, пандемия шартында өзүн кандай алып жүрүш керек экенин түшүндүрдүк. Биз бул демилгеге жогоруда айтылган маалыматтарды туура жеткирүү үчүн катыштык. Катышуу биздин мектеп үчүн жакшы натыйжаларды көрсөттү. Мугалимдер дагы тренингтерге катышып, пайдалуу маалыматтарга ээ болду. Мындан сырткары алар балдарга туура маалымат жеткирүү боюнча даярдоодон өтүштү. Окуучулар өздөрүн жакшы жактан көрсөтүп, активдүү катышышты. Муну менен катар алардын ата-энелеринин дагы кызыгуусун жаратты. Окуучулар колду таза жуу, тазалык боюнча атайын өз алдынча видеороликтерди тартышты. Ошондой эле башталгыч класстын окуучулары өздөрү флешмоб даярдашып, мугалимдерди таң калтырды. Долбоордун алкагында бизди таң калтыра турган ачылыштар болду. Жумалык аяктаса деле, биздин мектеп демилге сунуштаган көрсөтмөлөрдү практика жүзүндө пайдалана берет».

Борбор калаадагы мектептердин биринин тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Асел Турат кызы, долбоорго катышуу процесси кандай өткөнүн айтып берди.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган долбоор мектеп үчүн пайдалуу болду. Мугалимдер долбоордон алып келген билимдерин окуучуларга ар түрдүү ыкмалар менен жеткире алышты. Окуучулар үчүн дагы бул жумалык кызыктуу өттү. Мугалимдер менен окуучулар абдан изденүү менен катышышты. Долбоор эки баскычта өттү. Биринчи, окутуучулар үчүн тренингтер өткөрүлдү. Көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды алдык. Ал эми экинчиси, биздин мектепте өттү. Мектепте маалыматтык жумалык жарыяланып, түзүлгөн план боюнча бир топ иш-чаралар өткөрүлдү».

Долбоордун иштеп чыгуулары көп сандагы окутуучуларга жеткиликтүү болушу үчүн колдонулган бардык материалдар жана методикалар кыргыз тилиндеги котормосу менен электрондук-билим берүүчү платформага жарыяланат.

Төрт айга созулган бул долбоор ушул жылдын 15-октябрында аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM