Биз менен байланышыңыз

Маматоморов: Ишкерлер көмүр баасын көтөрө берсе, чара көрүлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2021 | 985 | 0

Ишкерлер көмүрдүн баасын көтөрө берсе, Министрлер кабинети чара көрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Сагындык Маматоморов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал былтыр көмүрдүн баасы 3 800 сомдон башталганын моюндап, быйыл көмүрдүн кымбат болуп жатканына эки себеп бар экенин кошумчалады.

«Биринчиден, былтыр 15-20-сентябрларда көмүр биздин базаларга келип калчу, быйыл кичине кечигип жатат.  Ошого байланыштуу суроо- талап көп болуп, баасы көтөрүлүп кетип жатат. Экинчиден, көмүрдү тартып келген чыгымдары, казып алгандагы чыгымдары, мунун бардыгына күйүүчү май жумшалат, ошол эле дизель отуну. Былтыр дизель отунунун баасы 32 сом болчу, бүгүнкү күндө, өзүңөр көрүп атасыңар, 51-52 сомдун айланасында турат. Буга ишкерлердин тартып келген чыгымдарынын түздөн- түз байланышы бар, алар чыгымдарды көбүрөөк тартып атат, ошол чыгымдарды көмүрдүн баасына кошконго айласыз. Андан башка -техника, ижара акысы, кошумча адамдарды алуу сыяктуу чыгымдар бар. Ошонун баарын кошкондо бүгүнкү күндө 4500 сомдон сатылып жаткан. Азыркы учурда баа ошондой туруктуу кармалып турса жакшы болмок, кечээки айланма жолдо болгон көрүнүштү спекулятивдик көрүнүш деп эсептейбиз. Биз бул боюнча бир канча иштерди алып барабыз. Кечээ да Айбек Жунушалиев тарабынан дагы бир канча талаптар коюлду, бүгүнкү күндө биз мэрия менен кошулуп, рейдке чыгабыз», — дейт ал.

Акыркы 5 жылдын аралыгында Монополияны жөнгө салуу агенттиги эки жолу көмүрдүн баасын жөнгө салган.

«Өкмөт тарабынан чара көрүү тапшырылса, биз бааны коюп, 90 кун ичинде тескеп, бааны карайбыз. Бүгүнкү күндө өкмөт тарабынан андай тапшырма бериле элек, эгер баа ушинтип ишкерлер тарабынан көтөрүлө берсе, анда өкмөт тарабынан чаралар көрүлөт. Анда биз коюп берген баадан ашыкча эч ким сата албай калат», — дейт ал.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM