Биз менен байланышыңыз

«Коңшуларга караганда бизде күйүүчү май боюнча абал жакшы»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Окт 2021 | 451 | 0

Күйүүчү майга болгон баа боюнча бизде абал жакшыраак. Мындай пикирин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстан күйүүчү майды өкмөт аралык келишимдин негизинде бажы төлөмүсүз алып жатат.

«Ошондуктан бизде кырдаал коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бир аз жакшыраак. Салыштыра кетсек, Өзбекстанда 10 сомго, ал эми Тажикстанда 20-25 сомго кымбат болуп жатат. КМШ өлкөлөрүн айта кетсек, Молдовада 43 сомго чейин айырма болуп атат, Украина 39, Грузияда 25 сом. Бизге караганда чоң-чоң эле айырма болуп жатат», -дейт ал.

Маалыматка караганда, Өзбекстан менен Казакстанда бүгүнкү күндө күйүүчү май тартыш болуп жатат. Өзбекстанда сентябрдын аягынан бери мунай куюучу станцияларда бензин тартыш болуп, чоң-чоң кезектер тизилип, бензин жок, кырдаал өтө начар болуп турат. Ал эми Казакстандын Түркстан тарабында төрт жүзгө жакын май куюучу станция дизель отуну жок турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM