Кыргызстанда Салык кодексинин жаңы редакциясы талкууланып жатат. Салык кодексинин сунушталган редакциясы жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө, адилеттүү атаандаштыкты жаратуу жана мыйзамсыз соода-сатыкты аныктоо максатында иштелип чыкканын айтып жатат.
2021-жылдын 1-сентябрында Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору Министрлер кабинетинин расмий сайтында коомдук талкууга жайгаштырылган. Коомдук талкуу мезгилинде Экономика жана финансы министрлиги бизнес коомчулуктарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөн. Анын алкагында айрым бизнес өкүлдөрү долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өз сунуштарын беришкен. Министрлик бир топ сын пикирлер жана сунуштар эске алынганын айтууда.
Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиевдин айтымына караганда, Салык кодексине жылына бир жолудан көп эмес өзгөртүүлөрдү киргизип туруу сунушталган.
Салык салууда жалпы салыктык режим жана бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөтүлгөн салык системасын киргизүү сунушталып, тигүүчүлүк, зергерчилик жана авиация тармактары үчүн салыктык жеңилдиктер каралган.
«Ушул жылдын 5-майында президент Салык кодексинин жаңы редакциясын жылдын аягына чейин Жогорку Кеңешке сунуштоону тапшырган. Жаңы кодекстин максаты – салык кызматтарын заманбап экономикалык шарттарга ылайыкташтыруу, салык процедураларын санариптештирүүнү жакшыртуу, бизнес жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана экономикалык көмүскөдө калган компоненттерин азайтуу. Жаңы редакцияда жүгүртүүсү жылына 30 миллион сомдон ашпаган субъекттер: жалпы режимде иштөөнү же бирдиктүү салык боюнча иштөөнү тандап алууга укуктуу. Салыкты дистанциялык көзөмөлдөө системасын ишке киргизүү үчүн норма түзүлгөн. Муну менен катар ислам каржылоо принциптерине дагы салык салынат».
Министрдин орун басары атамекендик өндүрүүчүлөр үчүн сатуудан алынуучу салык 2%дан 1%га чейин төмөндөтүлгөнүн кошумчалады.
«Биздин ишкерлер дүйнөлүк компаниялар менен тыгыз байланышта болгондуктан, биз алардын отчеттуулугунун негизинде салыктын белгиленген төлөмүнөн төлөмгө өтүп жатабыз. Ошентип, салык кодексинин жаңы редакциясы милдеттүү патентке жана келишимге негизделген айрым режимдерди жокко чыгарууну камтыйт. Салык кодексинин жаңы редакциясы ишкерлер менен мамлекет үчүн салыктык администрациялоонун туруктуулугуна жана сапатына оң таасирин тийгизе турган өзгөртүүлөрдү камтыйт. Буга чейин иштеп жаткан кодекске 130дан ашык өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөртүүлөргө муктаж болгон пункттар ишкерлерге, салыктык органдарына бир нече ыңгайсыз жагдайларды жаратып келген. Жаңы кодекстин редакциясында бул көйгөйлөрдүн үстүнөн иштеп, баарын түздөдүк».
Бирок салык кодексинин жаңы редакциясына коомчулук жана ишкерлер тарабынан сын-пикир айтылган. Мисалы, Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Гүлнара Ускенбаева, Салык кодексинин жаңы редакциясында бизнес коомчулугунун өкүлдөрүн ойлондурган бир нече маселелер бар экенин айтты.
«Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо учурунда кызуу кармаштар болду. Ишканалар айрым жоболор боюнча ар кандай пикирде калууда. Бирок Салык кодекси баарына эле жакпай турганын түшүнүү керек. Талкуу учурунда биздин көптөгөн сунуштарыбыз кабыл алынды. Бирок баары эле эмес. Мисалы, салыктык укук бузуулар боюнча тергөө функциялары Салык кызматында калган. Бул биз үчүн тобокелчиликтин бир түрү. Мунун баары абдан татаал. Бул маселе Жогорку Кеңеште да каралса жакшы болот эле. Кандай болгон күндө да чакан бизнес үчүн жаңы Салык кодекси азыркыдан жакшыраак. Акыры биз өндүрүшчүлөрдү соода компаниялары менен теңештирдик. Биздин ассоциацияда мүчөлөрдүн жарымы жергиликтүү өндүрүшчүлөр. Калган жамымы товары импорттогон дистрибьюторлор. Буга чейин өндүрүүчүлөр КНСти эки эсе көп төлөп келишкен. Эми чакан ишканаларга иштөө жана салыктарды төлөө жеңил болот Акыры мамлекет бизди угуп, колдоо көрсөттү».
Экономика жана финансы министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Ысабековдун айтымында, кодекстин жаңы долбоорун даярдоодо банктык маалыматтар боюнча сунуштардын үстүндө бир топ кайчы пикирлер жаралган.
«Банк чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Банк кызматы эң ачык салык төлөөчү мекемелердин бири. Алар менен сүйлөшүү аркылуу бир келишимге келдик. Банктык маалыматты бардык эле ишкерлерден же салык төлөөчүлөрдөн Салык кызматы алалбайт. Салык кызматы текшерүүгө милдеттүү болгон жана текшерилип жаткан ишкерлер боюнча банктык маалымат тууралуу тиешелүү кайрылууну жөнөтө алат. Бул маселенин бардык жол-жоболору Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилет. Банктык маалыматты сыртка чыгарып жиберет деген коркунуч жок. Салык кызматы салыктык жана банктык маалыматтарды сактайт. Эгерде маалымат сыртка чыгып кетсе, мыйзамдуу түрдө кылмыш иши козголот. Мындан сырткары банк жабдууларын импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу мөөнөтү узартылды».
Салык кодексинин жаңы варианты президенттин администрациясына киргизилди. Андан кийин парламенттин кароосуна киргизилет.