Биз менен байланышыңыз

Эшатов: Бааны бир калыпта кармоо үчүн салыкты азайтуу зарыл

Бензиндин баасын бир калыпта кармоо үчүн өкмөт салыкты азайтып берсе жакшы болмок. Бул туурасында Кыргызстан Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, былтыр пандемия учурунда экономика токтоп калгандыктан, бензиндин баасы 11-12 сомго чейин арзандаган.

«Былтыркы жылдын аягынан баштап дүйнө жүзү боюнча суроо- талап көбөйгөндүктөн, ОПЕК келишиминин катышуучулары, 21 мамлекет, нефти өндүрүмүнүн көлөмдөрүн кыскартып, аларды чоңойтпой, атайын дефицит пайда кылып, нефтиге болгон бааларды жогорулатып жатышат. Бүгүнкү күндө нефтинин баасы 2 эсеге жогорулады. Бүт бренддеги бензиндер мурда 40 долларга жетпей турган болсо, бүгүнкү күндө 80 доллардын тегерегинде.

Ал эми биз сатып алган Орусиядагы дүң баалар болсо, бензин группасына 130 пайызга, дизель отунуна 70 пайызга чейин жогорулоо болду. Кыргызстандын ичиндеги баалар бензин группасына 59% , дизель отунуна болсо 40%га жогорулады. Бул нерсенин бардыгы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын адистеринин аракети.

Бааны бир деңгээде кармоо үчүн мамлекеттен салыкты азайтууну суранып жатабыз, мисалы, Орусияда нефти кымбаттаганда салык арзандайт, нефти арзандаганда салык кымбаттайт», -дейт Эшатов.

Анын айтымында, күйүүчү майдын баасын көзөмөлдөй турган уюм жок, болгону ОПЕК келишимине мүчө өлкөлөр нефти өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтсө, баа арзандашы мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM