Биз менен байланышыңыз

Момбеков өкмөттүн кышка даярдыгын сындады

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 274 | 0

Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында бир топ депутат өкмөттүн күз-кышка даярдыгы жоктугун айтып, сындашты.

Эл өкүлү Акыл Кемелов көмүрдүн күндөн-күнгө кымбаттап жатканын айтып, Монополияга каршы кызмат көзөмөлдү күчөтүшү керектигин талап кылды.

Дагы бир депутат Рыскелди Момбеков күз-кыш мезгилине карата маалыматын угуп отурбай, алардын жоопкерчилигин кароо керектигин билдирди.

«Күз-кышка даярдык тууралуу маалыматты августта карашыбыз керек эле. Азыр бир-эки күн суук болду, кыламык кар жаады, даярдык жок экени билинип калды. Толот деген «Токтогул» толгон жок, суу жок,. Электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүп жатасыңар, ремонт деп айтасыңар, аны жайында жасаш керек да? Жетекчилердин жоопкерчилигин караш керек»,-деди Момбеков.

Депутат Тазабек Икрамов Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 4,5 миң, Караколдо 6 миң, Баткенде 7,5 миң сомдон сатылып жатканын маалымдады.

«Бишкектин айланасында бир тонна көмүрдүн баасы 4,5 миң болсо, Караколдо эле 6 миң сом. Ал эми Баткенде 7,5 миң сом болуп жатат. Ошол эле учурда көмүрдүн сапатына да көңүл буруш керек. Пандемия күчөп турганда компьютердик томографияны көтөрүп алышты. Быйыл жарык өчөт экен десе, эми көмүрдүн баасын жасалма көтөрүп жатышат» , — деди Икрамов.

Бишкек мэриясы көмүрдүн баасы эмнеге кымбаттаганын тактап жатат

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM