Биз менен байланышыңыз

Салават Соронбаев: Үйдү туура жылуулаш керек

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Окт 2021 | 433 | 0

Үйдү жылуулоо — бул үйгө газ киргизип коюу эле эмес, терезени, шыпты, полду да жылуулоо. Бул тууралуу Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо (KyrSEFF) долбоорунун инженер адиси Салават Соронбаев  «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, үйүн жылуулап алган жарандар акчасынын 50%ын үнөмдөп калат десек болот.

Кээ бир жарандар жаздан баштап эле кыштын камын көрүп, жылуулук системаларын үйлөрүнө киргизип алып жатышат. Үйдү жылытууну жана жылууланууну ар бир жаран эле билсе керек. Бул — үйгө газ коюп коюу эле эмес, терезелерди, полду, шыпты да жылуулоо. 

Биздин кээ бир колунда бар жарандар, же болбосо алдын-ала ойлонуп жүргөн кардарлар үйлөрүнө күндүн энергиясын пайдалана турган жабдууларды, автономдуу системаларды коюп атышат. Күндүн энергиясынан электр энергиясын алуучу жабдууларды коюп атышат. Же ошол эле үйдүн ичинде ысык сууну камсыздаш үчүн чатырга күн коллекторун орнотуп жатышат. Бул — үйдү жылуулагандан тышкары күндүн энергиясынан ала турган кошумча бир булак. Ошону кээ бир адамдар колдонушуп, көз карандысыз сыяктуу үйлөрдү салып атышат. 

Үйдү туура жылуулаш керек, жакшы жабдууларды коюш керек, жабдууну да туура тандаганды билиш керек, кесипкөй адистерге кайрылыш керек. Жөнөкөй эле мешти коюп койбой, кубаттуулугу менин үйүмдүн аянтын жылытканга жетеби деп ойлонуш керек», -дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM