Биз менен байланышыңыз

Айрым студенттер вакцина албаганы үчүн сабакка катыша албай жатат

Коом | 6 Окт 2021 | 691 | 0

Кыргызстандын айрым жогорку окуу жайларында студенттерди коронавирус илдетине каршы вакцина алууга мажбурлап жатышат. Бул тууралуу студенттер айтышты. Ошондой эле билим берүү мекеме ар бир студентти эмдөөдөн өттү деген маалыматкаттын негизинде сабакка кирүүгө уруксат берип жатканы айтылууда. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги вакцина алууда эч кимге мажбурлоо жок экенине ишендирет.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин талабы боюнча, 18 жаштан жогорку курактагы адамдарга коронавируска каршы вакцина алуу сунушталат. Буга карабастан, айрым билим берүү мекемелеринде студенттерди вакцинанын кайсы түрү болбосун алууга мажбур кылып жатышканы белгилүү болду. Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган 4-курстун студенти Жаңыл Нурбекова (аты өзгөртүлдү) вакцина алуудан баш тарткан. Ошол себептен ал сабактарга катыша албай жатканын айтты.

«Мен учурда 4-курста билим алып жатам. Бүтүрүүчү курс болгонум үчүн окууну ойлонуп, коркуп жатам. Мен вакцина алууга каршымын. Бир жумадан бери сабакка катыша албай жатам. Окуу жайдан вакцина алды деген маалымкат менен келгиле деп талап коюп жатышат. Эгер вакцинациядан өтпөсөңөр сабакка кирбейсиңер деген коркутуулар болууда. Бир сөз менен айтканда, эмдөөдөн өтүүгө мажбур кылып жатышат. Мен вакцина алуудан корком. Учурда эмне кылууну билбей турам».

Бул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып жооп алууга аракет кылдык. Мекеменин басма көз кызматкери Самат Тоялиев, студент вакцина албагандыгы үчүн сабакка киргизилбейт деген талап жок экенин айтты.

«Быйыл жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталды. Республика боюнча бардык билим берүү мекемелери менчигинин түрүнө карабастан, салттуу түрдө окутууну улантып жатышат. Ал эми коронавирус илдети жок болуп кеткен жок. Эгерде окуу жайда, группада же класстарда COVID-19 илдети катталса, ал класс убактылуу онлайн форматтагы окууга өтөт. Коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтпөгөн окуучу же студентти билим берүү мекемесине киргизбей коюуга негиз жок. Башкы мыйзамга ылайык, өлкөдө окуучулардын жана студенттердин билим алууга болгон укугун чектөөгө эч кандай негиз жок».

Ал эми тарбиячы, мугалим, окутуучулар түздөн-түз балдар, окуучулар, студенттер менен иштешкендигине байланыштуу алар жыл сайын окуу жылы башталганга чейин ден соолугун текшертип, саламаттык сактоо мекемелеринен уруксат кагазын алышат. Эмдөө деле ошонун ичине кирет. Эгерде айрым мугалимдердин вакцина алууга ден соолугу мүмкүнчүлүк бербесе, алар эмдөөдөн баш тарта алат.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 28-мартта башталган. Бүгүнкү күндө коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын дээрлик 800 миң 674 киши алса, 640 миң 750 адам экинчи дозасын алды.

Учурда Кыргызстанда Sinopharm, «Спутник V», AstraZeneca вакциналары менен эмдөө жүргүзүлүүдө.

Эмдөө ыктыярдуу түрдө түшүндүрүү жолу менен жүргүзүлөт.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM