Connect with us

Руслан Акматбек: Карапайым эл үчүн бир жылда эч өзгөрүү болгон жок

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Окт 2021 | 525 | 0

Октябрь окуяларынан берки бир жыл ичинде жөнөкөй жарандар эч бир өзгөрүү көрө алышкан жок.  Мындай пикири менен көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек «Маралдын» эфиринде бөлүштү.

Анын айтымында, Баш мыйзам өзгөргөн менен азыр аны менен иштеген киши жок.

«Турмушту өзгөртүш үчүн, экономиканы көтөрүү үчүн «экономикалык кеңеш» түзүлүшү керек болчу. Бирок бизди эч ким уккан эмес. Мына, Баш мыйзамды өзгөрттүк, референдум болду, аны менен азыр иштеген ким бар, эч ким жок. Конституцияга шилтеме жасаган ким бар, эч ким жок. Конституцияны өзгөрттүк, эмне өзгөрдү, эч нерсе өзгөргөн жок. Баш мыйзам бир гана бийлик үчүн өзгөрдү, ал күнүмдүк турмушка, ошол эле бийликтин жакшыруусуна, өлкөнүн өнүгүүсүнө эч кандай таасир эткен жок. Өзгөрүүнү жөнөкөй карапайым жарандар турмушта көрүш керек болчу. А турмушта бардык нерсе ошол бойдон эле, тескерисинче, жарык өчө баштады, баалар кымбаттады, коррупция ошол бойдон, ошол эле схемалар менен иштеп жатат. Балким бир канча киши камалды, бирок жалпы турмуш, жашоо образыбыз эч кандай өзгөргөн жок», — дейт серепчи.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM