Connect with us

Алмаз Тажыбай: Бийликтин бир жылы элдин ишенимин алуу аракети менен өттү

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Окт 2021 | 463 | 0

Азыркы бийликтин бир жылы элдин ишенимин алуу аракети менен эле өттү. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бир жыл ичинде социалдык-экономикалык жактан жакшы жакка өзгөрүүлөр болгон жок. Тескерисинче, баары кымбаттады.

«Саясий архитектура сындырылып, жаңы курула баштады, аралаш парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүп келе жатабыз. Бир жыл бою бийлик өзүнүн авторитетин көтөрүү, элдин ишенимин алуу менен алек болду. 

Ошонун ичинен карасак, социалдык- экономикалык жактан начарлап кеттик. Дүйнөлүк пандемия, тажик чек арасындагы окуялар болуп кетти, ошолор менен бирге Садыр Жапаровдун бийлиги орнотулуп калды. 

Социалдык- экономикалык жактан карасак, азык- түлүк продукциясы орто эсеп менен 33% га көтөрүлүп кеткен, электр энергиясы, маршруткалар, курулуш материалдары кымбаттап кеткен. Жемкорлук менен күрөшүүлөр болуп жатат, бирок жемкорлук тамырынан, системасынан суурулган жок. Кээ бир жерлерде эле камалгандар болбосо, башка өзгөрүү деле жок», -дейт Тажыбай.

Ал бир жыл бийликтин отурукташуусуна кеткенин, эми бир жыл социалдык- экономикалык жактан, инвестицияны өнүктүрүүгө берилерин кошумчалады.

Бийлик коррупция менен күрөшүп жатканын элге көрсөтүш керек.  Ошол эле учурда эл бийликке сын-пикир айтып жатса, андай эмес болсо, жооп бериши керек. Же болбосо аларды абакка салып коркутууну практикадан алып салуу керек.

«Эл азыр кыйын абалда турат, бирок ошого карабай, президент Садыр Жапаровго жана анын командасына ишеним берип жатат. Буга байланыштуу тез арада реформаларды жасоо керек», -дейт Алмаз Тажыбай.

Эске сала кетсек, бүгүн Октябрь окуяларына туура бир жыл болду. Былтыр парламенттик шайлоого нааразы болгон эл 5-октябрда түштөн кийин «Ала-Тоо» аянтында митингке чыгып, ал 6-октябрда Ак үйдү басып алуу менен аяктаган. Ошол эле күнү бир топ саясатчылар эркиндикке чыккан, алардын катарында азыркы президент Садыр Жапаров дагы болгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM