Биз менен байланышыңыз

Кутманова: Биз «Кумтөр» боюнча маалыматтык согушта аксап жатабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Окт 2021 | 538 | 0

Биз дүйнө коомчулугуна «Центерранын» мыйзам бузуулары тууралуу маалыматтарды таратууда аксап жатабыз. Бул тууралуу Экология жана климат комитетинин төрайымы Динара Кутманова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, «Центерра» азыр дүйнө элине өзүн бейкүнөө компания катары көрсөтүп, Кыргызстан тууралуу жаман пикир калтырууга аракеттенип жатат.

«Биз болсо, алардын Кыргызстандын экологиясына тийгизген зыяны,машиналарды, темир-тезектерди, цианиддердин ящиктерин, уу заттарды көмгөнү тууралуу маалыматтарды берүүдө аксап атабыз. Бул мени капалантып жатат. Кыргызстан ичинде маалымат көп эле, жарандарыбыз «Центерра» кандай жол менен иштеп келгенин түшүнүп эле жатат.  Бирок бул жетиштүү эмес. Биз  эл аралык коомчулукка, эл аралык деңгээлде чоң-чоң журнал беттерине макалаларды, роликтерди англис, испан тилдеринде жеткиришибиз керек. Эл аралык, дүйнөлүк коомчулукту өзүбүз тарапка бурушубуз керек»,  -дейт ал.

Айтымында, «Центерранын» ишинде экологияга келтирген зыяндардан сырткары көп коррупциялык схемалар болгон.

«Бир эле мисал айта кетейин, техника, унаалардын майын «иштетилген май» деп коет. Ошол майды 1995-жылдан баштап, «Кумтөр» сүйлөшүү жолдору менен «Ника. kg»деген компанияга 1 сом 70 тыйындан — 3 сом 70 тыйынга чейинки баага сатчу экен. Анын базар баасы 13-15 сом экен. Орто жерде 13 сом бирөөлөрдүн чөнтөгүндө калчу экен. Булар — бир жерден алып, экинчи жерге саткан алып сатарлар,. Ошол майды кайра иштетиш керек эле, базар баасы 13 сом болсо, ошол баада сатыш керек болчу», -деди Кутманова.

Анын айтымында, бул иште бийлик тараптан бирөө «крыша» болгон болушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM