Биз менен байланышыңыз

Кутманова: «Кумтөр» боюнча Кыргызстан утула тургандай негиз жок

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Окт 2021 | 425 | 0

Кыргызстан соттон утула тургандай негиз жок. Мындай пикирин Экология жана климат комитетинин төрайымы Динара Кутманова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 1992-жылы келишимге кол коюп жатканда «Кыргызстандын мыйзамына баш ийип иштейбиз» деп так жазылган. Канадалыктар мыйзамды, келишимдин шартын бузду.

«Шартты бузса, арбитражда соттошобуз деп жазылган. Бизде 3 мамлекеттик комиссия иштеп, үчөө тең эле Кыргызстандын экологиялык мыйзамы бузулган, зыян келтирилген фактыларды айтышты. Дагы фактылар чыгып атат. Ошон үчүн биз утула тургандай негиз жок. Биз утулбашыбыз керек. Азыр эл аралык юристтер иштеп атат. Юристтердин күрөшү болот деп айтсам болот. Фактылар толтура. Салык төлөбөгөнү да бар. 2009-жылы 4% салык төлөйт деп жазылган. 12 жылдан бери салык төлөбөй келе жатышат. Ошону эсептегенде бир млрддан ашык болуп келе жатат. Андан тышкары экологиялык зыян, топурактарды мөңгүнүн үстүнө көмгөн деле эч бир мыйзамга туура келбейт, дүйнөлүк практикага да тескери болуп жатпайбы!»— дейт Кутманова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM