Биз менен байланышыңыз

Маматов: Саясий партиялардын фонддору 300 млн сом менен чектелген

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Окт 2021 | 597 | 0

Бир мандаттуу округда мыйзам бузуулар катталып калса, ошол эле округдан кайра шайлоо өткөрүлөт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Талапкер биринчи орунду алган күндө да, анын добуш сатып алганы билинсе, же административдик ресурс колдонсо, ошол талапкердин үстүнөн чара көрүлөт. Саясий партиялардын үстүнөн деле мурункудай практика бар: шайлоо өтүп аткан күнү деле, шайлоо өткөндөн кийин деле саясий партиянын үстүнөн даттануулар түшсө, өзгөчө анын ичиндеги талапкерлер бузууга барса, аларга да чара көрүлөт. Аларды каттоодон баш тартып,  же катталган болсо, анысы жокко чыгарылат. Буга мыйзам жол берет.

«Ал эми шайлоо фонду жөнүндө айтсак, саясий партиялар көргөзгөн талапкерине 2 миллион сомго чейин жардам берсе болот. Өзүн-өзү каржылоого 150 миң сом деп мыйзамда каралып калган.  Фонду 10 млн сом менен чектелген. 500 үгүттөөчү ала алат. Бул бай талапкер менен мүмкүнчүлүгү жок талапкерге бирдей шарт түзүү максатында каралган. 

Саясий партиялардын фонддору 300 млн сом менен чектелген. 10 миң агитатордон ашык ала алышпайт», — дейт Маматов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM