Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБи былтыркыдан 2 эсе көп электр энергиясын иштеп чыгат

Коом | 5 Окт 2021 | 757 | 0

Бишкек жылуулук электр борбору шаар мэринин токтомуна ылайык, бүгүнтөн тартып шаарга жылуулук бере баштады. Эң алгач социалдык объектилерге берилет, андан кийин көп кабаттуу үйлөргө жетет.

Буга чейин Бишкек Жылуулук электр борборунда жылына 1 млн 110 миң тонна көмүр сарпталып келген. Ал эми бүгүнкү күндө 1 млн 650 миң тонна көмүр керектелет. Анын ичинен 1 млн тонна жергиликтүү Кара-Кече көмүрү болсо, 650 миң тонна көмүр Казакстандан импорттолот.

Бишкек Жылуулук электр борборунун башкы инженеринин орун басары Нурлан Кульжигачов, эмне себептен быйыл ЖЭБке 2,5 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү боюнча тапшырма берилгенин түшүндүрдү.

«Бишкек Жылуулук электр борбору Кыргызстандын түндүгүндө жайгашкан электр энергиясын өндүрүү боюнча чоң ишкана. Мамлекеттеги электр энергиясын 15% га чейин камсыз кылат. Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондуктан, бизге 2,5 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү планы тапшырма катары берилди. Буга чейин бизде 1,2-1,5 млрд кВт/саат стандарт болсо, быйыл 2 эсе көбөйөт. Учурда бул пландын алкагында тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө ЖЭБ 250 мегаватт кубаттуулук менен иштеп жатат».

Борбордун башкы инженери Кульжигачовдун айтымында, ЖЭБ менен «Газпром Кыргызстан» компаниясынын ортосунда 68 млн кубометр газга келишим түзүлгөн.

«Азыркы учурда газ үзгүлтүксүз келип турат. Атайын даярдалган графиктин алкагында алып келишет. Ал эми азыркы учурда жылуулук борборунун кампасында 281 миң тонна көмүр бар. Анын ичинен 153 миң тонна ипморттолгон, 128 миң тонна жергиликтүү көмүр. Бугүнтөн баштап борбор калаага жылуулук бере баштадык. Атайын даярдалган пландын негизинде, үч күндө шаардын ичинде толук жылуулук берилип бүтөт».

Жыл сайын кыш мезгилинде Бишкек шаарын каптаган кара түтүндүн көйгөйү бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет. Түтүн маселесине байланыштуу Жылуулук электр борборун газга өткөрүү планда бар. Бирок газды пайдалануу көмүргө караганда эки эсе кымбат болгондуктан ишке ашпай келет.

Жылуулук электр борборунун техникалык өндүрүш бөлүмүнүн инженери Анжелика Жданова билдиргендей, станциянын жана анын ичиндеги техникалык жабдыктардын эскиргени түтүндүн капташына таасир этет.

«Биз адаттагыдай эле иштеп жатабыз. Бардык керектүү жабдыктар саркынды сууларды тазалоочу каражаттар менен иштейт. Тазалоочу каражатсыз жабдыктар ишке кирбейт жана иштебейт. Күл чогултуу жана электрофильтрден өткөрүүдө тазалоонун эффективдүүлүгү 94%ды түзөт. Ал эми жабдыктардын жаңы түрү 99% тазалайт. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин изилдөөсүнө таянсак, ЖЭБ Бишкектин 14% булганышына алып келет. Станция жана колдонулуучу жабдыктар дагы эскирип калган. Борбордун ачылганына 60 жыл болду. Түтүндүн көп чыгуусуна көмүрдүн күлү жана сапаты таасир этет. Көмүр канчалык сапатсыз жана күлү көп чыкса, ошончолук түтүндүн чыгуусу көп болот».

Быйыл 8-июлда 25 вагон менен Кара-Жыра көмүрүнүн биринчи партиясы келген. Келишимге ылайык 643 миң тонна көмүрдүн баары 2022-жылдын апрель айына чейин алынып келет. Бишкек ЖЭБине күз-кыш мезгили үчүн Кара-Кечеден да көмүр сатып алынат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM