Биз менен байланышыңыз

Маматов: Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгын бир саатта чыгарабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Окт 2021 | 431 | 0

Шайлоо күнгө чейин БШК жабдууларын камдап үлгүрөт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш президент тарабынан сунушталган долбоордун биринчи вариантын кабыл алганда шайлоо октябрдын аягында өтмөк. Анткени ал вариантка жабдуулар даяр болчу.

«Азыр болсо, техникалык жактан кичине убакыт керек болуп калды. Азыр анын үстүндө иштеп жатабыз. Каражат бөлүнгөн, адистер чакырылган. Буюрса, жетишебиз. Мурункудай эле шайлоо бүткөндөн бир сааттан кийин алдын ала жыйынтык белгилүү болуп калат», — деди ал.

Маалыматка караганда, Кыргызстан боюнча 2 478 шайлоо тилкеси бар. участок бар. Чет мамлекетте мурда 48 болсо, азыр дагы ону кошулуп, 58 тилке болгон. Баардык участокторго экиден эсептөө урнасы каралган. Дагы кошумча 700-750 урна бар. Эгер бузулуп калгандар болсо, 15-20 мүнөттүн ичинде башкасын жеткирип берүүгө аракет кылышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM