Биз менен байланышыңыз

Кайрат Маматов: Ар бир системанын жаман-жакшы жагы болот

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Окт 2021 | 525 | 0

Ар бир шайлоо системасынын жакшы-жаман жагы бар, идеалдуу система жок. Мындай пикирин Боршайком мүчөсү Кайрат Маматов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жаңы долбоор башында президенттин атынан Жогорку Кеңешке сунушталганда, 55/35 болчу: 35 талапкер бир мандаттуу округ менен, 55 талапкер  партиялык система менен. Жогорку Кеңештин депутаттары экинчи окууда «өзүнүн сунушу менен саясий партияны тандагандан кийин ошол эле бюллетенден бир талапкерге добуш берсин» деген өзгөртүүнү киргизишти.

«Бир мандаттуу округдун жакшы жагы, депутат иштейм десе, ошол округу, шайлоочулары менен 5 жыл байланышта болот. Мурда бир райондон мисалы, 5-10 депутат чыкса, бир райондон такыр чыкпай калган учурлар болгон. Партиялык системанын плюсу болсо, Кыргызстан боюнча талапкердин жактоочулары көп болсо, Бишкектен да, Баткен, Ысык-Көлдөн да добуш алынат. Чет мамлекеттердеги участоктордо биздин 70 миңден ашык шайлоочу бар. Ал жактан дагы добуш ала алышат. Белгилүү инсандарга ушундай мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул саясий партиянын лидерлеринен көз карандуулуктан, коррупциядан алыстатып, шайлоо бүткөндөн кийин ким каларын шайлоочу чечет», — дейт БШК мүчөсү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM