Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкектин айрым райондоруна суу берилбейт

Кыска кабар | 5 Окт 2021 | 307 | 0

Бүгүн, 5-октябрда шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу эртең мененки саат 9:00дөн 21:00гө чейин айрым көчөлөрдө ичүүчү суу берүү токтотулат.

Мэриянын маалыматына караганда, Куренкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, М.Гвардия бульварында суу токтотулат.

Анын ичинде: «Красный строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын Бешик», «Салам Алик» жарым конуштары, Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү, темир жол линиясы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM