Биз менен байланышыңыз

Балык чарбаларынын жылдык кирешеси бир миллиард сомго жетти

Экономика | 4 Окт 2021 | 1151 | 0

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда балык чарбасын өнүктүрүү жана жайылтуу максатында аймактык ассоциация түзүлдү. Бирикменин курамын бир топ жылдан бери балык чарба тармагында эмгектенип келген ишкерлер түзөт. Ошондой эле мамлекет тарабынан аталган тармактагы ишкерлер үчүн керектүү шарттар түзүлүп, тийиштүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. Бирикмеге кошулган ишкерлердин бизнесин өнүктүрүү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр каралган?

Кыргызстанда акыркы жылдары балык чарбасын жандантуу үчүн жеке ишкерлер тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда. Өлкө ичинде айыл чарбанын бул багыты менен алектенген ишкерлердин саны күн санап көбөйүүдө. Соңку убакта жер-жерлерде балык багууга багытталган ассоциациялар ачыла баштады. Жаңы түзүлгөн регионалдык балык чарба ассоциациясынын президенти Замира Тентимишованын айтымында, бирикменин ачылышына Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Балык чарба департаменти мыйзамдуу түрдө уруксат берген. Ошондой эле ал, ассоциацияга кошулган ишкерлердин бизнесин өнүктүрүү үчүн кандай жеңилдиктер каралганын айтып берди.

«Балык чарба менен алектенген көптөгөн ишкерлер бар. Биздин негизги максат – бардык ишкерлердин башын бириктирүү, топ түзүү жана чогуу иш алып баруу. Ишкерлер үчүн жеңилдиктер болот. Ар кандай чет элдик уюмдарга чыгууга жол ачылат. Чет жактан балыктын икраларын алып келип, инкубация кылууга мүмкүнчүлүк бар. Бүгүнкү күндө сыртка экспорттоо үчүн балыктын көлөмү аз болуп жатат. Ал эми балык чарбасын бириктирсек, керектүү көлөмгө жеткире алабыз. Ар бир катталган ишкердин мыйзамдуу түрдө тийиштүү уруксат кагазы, жердин жана колдонгон суунун документтери бар. Ошондой эле сууда балык өстүрүүгө уруксат берилген кагазы болот. Айыл чарба департаментинен суунун тазалыгын жана багылган балыктын адамга зыяны жоктугун тастыктап турган документ берилген. Ассоциацияга кирген ишкерлердин иш процессин биз көзөмөлдөп турабыз».

Кыргызстан балык чарбасын өнүктүрүү үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөргө ээ. Кыргызстанда натыйжалуу иштей турган балык чарба комплексин өнүктүрүүгө боло турган таза суу объектилери көп. Айыл чарба министрлиги бул тармактагы өндүрүштү колдоп келет. Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов, балык чарбасын өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан керектүү жардам берилип жатканын белгиледи.

«Ысык-Ата районунда ушундай регионалдык деңгээлдеги ассоциация түзүлгөнү кубанычтуу кабар. Балыкчылардын өз кызыкчылыктарын жана көйгөйлөрүн чечүү максатында бириккени туура. Себеби балык чарбасы боюнча уюштурулган тегерек столдорго катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Балык чарба департаменти жөнүндөгү мыйзамдагы токтомдоруна өз сунуштарын айта алышат. Мамлекет тарабынан каржыланбайт. Себеби булар коомдук бирикме болуп эсептелинет. Өздөрү каржы булактарын таап иштетишет. Мамлекеттин милдети булардын жүргүзгөн саясатына шарт түзүп берүү. Алардын мыйзам чегинде, таза иш алып баруусуна жардам берет».

Кыргызстанда бир нече бирикмелер түзүлүп, ар кайсы багытта өз ишин улантып келет. Алардын бири ЖИА бизнес ассоциациясынын президенти Фархад Пакыров, учурда мамлекет региондук ассоциацияларга муктаж экенин белгиледи.

«Кыргызстанда ассоциациялардын орду чоң. Ал эми аймактарда мындай бирикмелер аз жана активдүү эмес. Бүгүнкү ишин баштаган ассоциация балык чарбасындагы ишкерлердин башын бириктирип турат. Бул секторду өнүктүрөлү деген жакшы ой. Бирикменин мүчөлөрү канчалык активдүү болсо, ассоциациянын түптөлүшү дагы ошончолук активдүү жана бекем болот. Ал коммерциялык эмес уюм болгонуна байланыштуу, бул жерде ишкерлер өз учурунда тийиштүү салыктарды төлөп туруш керек. Мындан сырткары алар өзүнүн кызыкчылыгын түртүү, коргоо максатында керектүү адистердин жардамы менен ишти алып кетүүсү маанилүү».

Балык чарба департаментинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын жыйынтыгында 5 миң тоннадан ашык балык өндүрүлгөн. 2019-жылы 3 миң тоннадай балык өндүрүлгөн. Балыктардын баасын орто эсеп менен «бир килограммын 250 сом» деп алганда, өткөн жылы бир миллиард сомдон ашык киреше түшкөн. Адистер өлкөдө балык чарбасы өнүгүп келе жатканын белгилешет.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM