Биз менен байланышыңыз

Миңбаева: Хан академиясын сабакта колдонуу тренингдери өткөрүлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Окт 2021 | 598 | 0

Хан академиясын сабакта колдонууну каалаган мугалимдерди акысыз тренингден өткөрөбүз. Бул тууралуу аталган академиянын Кыргызстандагы негиздөөчүсү Гүлзире Миңбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бир жыл ичинде мугалимдер менен расмий 2 тренинг уюштурулган. Ага жалпысынан миңден ашуун мугалим катталып, анын төрт жүзгө жакыны активдүү катышып берди.

«Бул мугалимдерге биз башынан эле Хан академиясы тууралуу айтып киребиз деп ойлогонбуз, бирок алар Ютуб каналга катталганды билишпейт экен. Анан тренингдерди 3кө бөлдүк. Биринчиси, мугалимдерге soft skill деп коет, жумшак көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча: лидерлик болсун, сүйлөө болсун, окуучулардын критикалык ой жүгүртүүсүн ойготуу болсун, ушундай тренингдер аябай көп өтүлдү. Мугалимдер мотивация алгандан кийин экинчи техникалык этапка өтөбүз. Техникалык этапта мугалимдерге  элементардуу gmail аккаунтун ачуу, Ютубга катталуу, комментарий калтыруу, видеолорду бөлүшүү, сайтка кирүү сыяктуу техникалык тренингдерди өтүлөт. 3-этапта класста Хан академиясын жана башка ресурстарды кантип колдонсо болот деп, бир гана ошол жаатта тренинг өтөбүз. Азырынча биздин мугалимдер 1-этаптан гана өтүштү», — дейт ал.

Анын айтымында, тренингдер, Хан академиясынын сайтын пайдалануу акысыз.

«Бизди демөөрчүлөр каржылайт. Кечээ ачылышта деле fundraising уюштурдук. Биз күткөндөн көп, акчалай айтканда, 30 миңдей доллар топтодук. Мындай айтканда, 11 мектепке Хан академиясын пилоттук кылып киргизүүгө, 20 мугалимди окутууга , 100 видео сабактын жаралышына колдоо алдык», -дейт Миңбаева.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM