Биз менен байланышыңыз

Гүлзире Миңбаева: Хан академиясын Кыргызстанга алып келүүнү кыялдангам

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Окт 2021 | 824 | 0

Хан академиясын Кыргызстанга алып келүүмө кыргыз мектепте сабак берип баштаганым түрткү болду. Бул тууралуу аталган академиянын Кыргызстандагы негиздөөчүсү Гүлзире Миңбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Кесиби боюнча математик Гүлзире Миңбаева 5 жыл «Сапаттын» мектептеринде окуучуларга математиканы англис тилинде өтүп келген. 2016-жылы кыргыз мектебине которулушу ага жөнөкөй мектептердеги көйгөйдү ачып көрсөттү.

«Кыргызча башка маалымат жок болгондуктан, балдар бир гана окуу китеби менен чектелишти. Суроо сурасаң, бир гана китептен суроо чыгара алышат. Абдан кыйын болду. Мен өзүм ага чейин 5 жыл англис тилинде сабак бергеним үчүн Хан академиясынын англис тилиндеги сабактарын колдонуп жүрчүмүн. Анан ошол сабактарды кыргызчага которуп баштадым. Мектептен балдарга берсем, аларга аябай жакты. Үйрөнүп калган адаттарынан чыгып, сабак балдарга кызыктуу боло баштады»,— дейт Миңбаева.

Ал ошондон кийин Хан академиясын Кыргызстанга алып келүүнү кыялдана баштаган. 2018-жылы АКШга стажировкага барып калышы бул кыялынын орундалышына түрткү берди.

«Менторум Хан академиясынын кеңсесине чогуу барып келүүнү сунуштады. Кире бериште 43 мамлекеттик желеги илинип туруптур, демек ошол учурда Хан академиясынын видеосабактары 43 тилге которулган экен. «Кыргызча которулду беле?»-  десем, аракеттер болгонун, бирок жоопкерчилик алган киши жок экенин айтышты. Ошондо мен жооптуу болууга макул болдум. Бир канча этап текшерүүдөн өтүп, 2019-жылы ноябрь айында уруксат алдым. Бир жыл өзүм изилдеп чыктым. Ыктыярчыларды топтоп, өзүмчө аракет кылдым. Абдан кыйын болду. Бул жөн эле которуу, же видео жаратуу эмес экен. Аябай көп эмгекти талап кылат экен. Бир жыл кыла алган жокмун. Кылбайм деп чечим деле чыгарып койгом. Аңгыча пандемия башталып калды», -дейт ал.

Пандемиядагы онлайн окууда окуучулардын, мугалимдердин көйгөйүн көргөн Гүлзире баштаган ишин аягына чыгарууну чечкен. 2020-жылы май айында волонтерлорго жарыя салып, ыктыярчыларды топтоп, ишин баштаган.

Хан академиясынын сайтында англис тилинде баш-аягы 13 миңден ашуун видео сабак бар. Анда бала бакчадагы математикадан башталып, 11-класстын математикасына чейин камтылган. Андан тышкары СТЕМ сабактары физика, химия, биология, микроэкономика, макро экономика сыяктуу бардык сабактар бар. Учурда башталгыч класстардын математикасы кыргызчаланды, азыр ыктыярчылар арифметиканы которуп бүтүү алдында. Жакынкы арада STEM сабактарына өтүү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM