Биз менен байланышыңыз

Жашоо узактыгы боюнча дүйнөлүк рекорддор кимге таандык?

Блог | 2 Окт 2021 | 1428 | 0

Статистикалык маалыматтар боюнча дүйнөдө орточо жашоо узактыгы 72 жашты түзөт. Япония көп жылдан бери эле жашоо узактыгы боюнча жогорку көрсөткүчтөгү өлкөлөрдүн бири.

Орто эсеп менен алганда жапондордун жашоо узактыгы 83 жаш. Андан кийин Швейцария өлкөсүндө орточо жашоо курагы 83,4 жыл болсо, Түштүк Кореяда 83,3 жыл жашашат.

Орусия жалпы тизмеде 73,2 жылдык көрсөткүч менен 101-орунду ээлейт.

Ингушетия Россиянын региондорунун арасында калктын узак жашоосу боюнча лидер болуп эсептелет, анда адамдар орточо 81,2 жыл өмүр сүрөт.

Дагестан Республикасы — 76,4 жыл жана Москва шаары — 76,2 жыл.

Тарыхтагы эң кары адам

Тарыхта жашы расмий түрдө тастыкталган эң кары адам — француз улутундагы Жанна Луиза Калмент. Ал 122 жыл 162 күн жашаган. 1875 -жылы 21 -февралда төрөлүп, 1997-жылы 4 -августта каза болгон. Бардык туугандарынын арасынан эң кеч көз жумган.

Жанна ар дайым жашоо образын активдүү кыймыл менен өткөргөн. Ал сууда сүзүү, теннис ойноо, ролик тебүү менен алектенип, 100 жашка чейин велосипед тээп жүргөн.

Ал 85 жашында фехтование менен машыккан. Алкогол ичимдиктерин такыр колдонгон эмес, бирок тамеки көп тарткан жана таттууларды жакшы көргөн.

110 жашында карылар үйүндө жашаган. Ал эми 114 жашында Жанна Ван Гог жөнүндөгү «Винсент жана меникилер» тасмасында өзүнүн ролун аткарып, тарыхтагы эң улгайган киноактриса катары калган.

Расмий түрдө, бул узак өмүр сүрүү рекорду азырынча жаңылана элек.

Учурдун эң кары адамы.

Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң улгайган курактагы адам катары 021-жылдын сентябрь айында расмий түрдө испан улутундагы Сатурнино де ла Фуенте Гарсия таанылды. Ал учурда 112 жашта.

Рекордсмен 1909-жылы 11-февралда Испаниянын Леон шаарында төрөлгөн. Азыркы учурда анын 14 небере жана 22 чөбөрөсү бар.

Испандык карыя өзүнүн узак жашоо үчүн ар дайым позивдүү маанайда жүрүү жана ачууга алдырбоо керек деп кеңеш берет.

Эң улгайган эгиздер

Жапониялыктардын дагы бир рекорду эгиз бир туугандарга таандык. Умено Сумияма жана Куме Кодама 1913-жылы 5-ноябрда төрөлүшкөн. Эже-сиңдилер учурда 107 жашка чыгышкан. Алардын рекорду 2021-жылдын 1–сентябрында расмий түрдө катталган.

Кыргызстанда 2019-жылы алынган статистикалык маалыматка ылайык, төрөлгөндөгү жашоонун күтүлгөн узактыгы аялдар үчүн 76 жаш, жана эркектер үчүн 68 жаш түзгөн орточо жаш узактыгы 71,9 жашты көрсөтөт.

Инсандык өнүгүү боюнча Кыргызстан 189 өлкөнүн ичинен 122-орунду ээлеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM