Биз менен байланышыңыз

«Коом өзүнөн-өзү оңоло албайт, ага лидер керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Окт 2021 | 1132 | 0

Бүгүнкү күнү жарандар коомду куруу, мамлекетти бекемдөө ар бирибиздин милдетибиз экенин түшүнүшү керек. Мындай пикирин Ленин районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, коом өзүнөн-өзү оңоло албайт, коомго өзүнүн жүрүм-туруму менен үлгү боло турган лидер керек. Бизде болсо, бүгүн коомдун деңгээлине түшкөн адамдарды пир тутуп атышат. Ошолорго барып туура жагын, катуу тие тургандарды айткандарды эмес, коомдун ошол бөлүгүнө, ошол топко жага тургандарды айткандарды ээрчип атышат.

«Антип жүрсөк биз качан оңолобуз? Бардык мамлекеттерде биринчи орунда билимдүү адамдар, маданияттын өкүлдөрү турат. Бизде болсо, бул баалуулуктар талкаланып атат. Мындай темп менен кете турган болсок, 1916-жылдагы окуя кайталанат. Биз анда уруу-уруу болуп чабышып жүргөндө, орустар Европага барып билим алып келип, кеме куруп, замбирек жасап, өнүгүп кетишкен. Анан кыргыздарды көрүп, «бул жакта аборигендер бар тура» деп кырып салды. Кытай бүгүн бардык жаатта:  медицинада, технологияда, жаңы технологияда ушундай ылдамдык менен өнүгүп атат, башка мамлекеттер да өнүгүп атат. Бизде болсо, күндө той, күндө шайлоо, мушташ. Мына ошонун баарын ар бир жаран түшүнүшү керек. Коомду куруу, мамлекетти бекемдөө ар бирибиздин милдетибиз», -деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM