Биз менен байланышыңыз

Эржан Кайыпов: Биздин коомдо коммуникация өтө бузулган абалда

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Окт 2021 | 1399 | 0

Биздин коомдо коммуникация өтө бузулган абалда. Мындай пикирин юрист Эржан Кайыпов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мамлекет коомдо мындай көйгөй бар экенин толук мойнуна алган жок. Ата-эне менен балдардын, кошуна менен кошунанын, жүргүнчү менен айдоочунун, мамлекет менен жарандардын ортосунда, тилекке каршы, кызматташуу өнөктөштүгү эмес, ажырым бар.

«Кайсы тармакты албасаңар, бүт ушундай абалга келди. Бул — жалпы мамлекеттин ийгиликсиздигинин жана ар бир адамдын инсандык деңгээлдеги ийгиликсиздигинин индикатору. Ийгиликтүү, мыйзамдын адилеттүүлүгүнө ишенген, мамлекет тарабынан коргоого алынган адамдарда агрессивдүү болууга себеп жок. Ал эми бизде «эгер мен мыйзам бузсам, милиция сөзсүз мени жазалайт, же мага карата бирөө мыйзам бузса, укугумду тебелесе, аны сөзсүз милиция же мамлекет жазалайт» деген ишеним жок. Ошондуктан мамлекет жарандык коом менен өнөктөштүктө  билим берүү системасына өзгөртүү киргизиши керек. Адам укуктары — бул адам менен мамлекеттин вертикалдуу мамилеси. Качан адам укуктарын окутканда, мамлекеттин милдеттенмелери адамга белгилүү болуп калат. Эгер бардык адамдар мамлекеттин кандай милдеттери бар экенин билсе, ошону талап кылса, анда мамлекетке оорчулук келет. Тилекке каршы, авторитардык мамлекеттерде өз таламын талашкан, эркин ой жүгүрткөн адамдын кереги жок. Ал жерде баш ийген, кошоматчы, мыйзам бузууну көрбөгөн, даттанбаган жарандар керек», — дейт ал.

Юристтин пикиринде, учурда жарандар өзүн өнүктүрүп, өзүнүн укуктары тууралуу, башка багытта дагы өзүнө билим бере турган мезгилде жашап жатат. Ошон үчүн ар бирибиз өз үй-бүлөбүздө, жакындарыбыз менен туура баалуулуктарды калыптандыруу үчүн иш жүргүзүшүбүз керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM