Биз менен байланышыңыз

Юрист: Айдоочу унаасына салбай койгон кичине кыздын да укугу тебеленди

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Окт 2021 | 1371 | 0

Маршруттук таксинин балалуу келинди унаасына салбай койгону адам укугун одоно бузган көрүнүш болду. Мындай пикирин юрист Эржан Кайыпов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул окуяда апасы менен кошо кичинекей кыздын коомдук транспортто жүрүү укугу бузулганын эч ким элес алган жок.

«Айдоочунун жаза алып, иштен бошотулганы туура болду. Бул окуя биздин коомдо аялдарга, эжелерге, балалуу апаларга, дегеле аялуу топторго карата мамиленин көрсөткүчү болду. Бирок айдоочулардын аракеттерин коомдон бөлүп карабай, коомдо болуп жаткан адамдардын мамилесин, агрессия, касташуу, ажырымдардын өсүшүн, адам укуктарынын абалын, ошол эле мезгилде мамлекет өз милдеттерин кандай аткарып жатканын − баарын биргеликте карашыбыз керек. Жалпысынан ала турган болсок, биздин мамлекетте гана эмес, постсоветтик өлкөлөрдө эски системадан кийин жаңы системага өтүп, моралдык ченемдер өзгөрүп, касташуу, агрессия, бири-бирин жек көрүү, бөлүнүү деген бар экен. Бул ошол эле учурда мамлекеттеги мыйзамсыздык, адилетсиздик, мыйзам үстөмдүгүнүн жоктугу, адамдардын мыйзам алдында бирдей эместиги, мамлекет өз милдеттерин так аткарбаганына барып такалат», — деди юрист.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM