Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкекте кино ишмерлерине «Ак илбирс» сыйлыгы тапшырылат

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 448 | 0

Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу берилбей калган кино тармагындагы улуттук «Ак илбирс» сыйлыгын тапшыруу аземи эртең, 1-октябрда өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Кино сыйлыкты тапшыруу аземи Бишкектеги «Манас» кинотеатрында өтөт.

Сыйлыктар 2019-жылы тартылган тасмаларга берилмек. 2019-жылы сыйлык алууга 40 арыз түшүп, калыстар жеңүүчүлөрдү аныктаган. Бирок 2020-жылдын 25-апрелиндеги сыйлык тапшыруу салтанаты коронавируска байланыштуу өтпөй калган.

Кино сыйлык 18 номинация боюнча берилет:

1. «Мыкты тасма»;

2. «Мыкты режиссёр»;

3. «Мыкты сценарий»;

4. «Мыкты оператор»;

5. «Мыкты сүрөтчү»;

6. «Мыкты композитор»;

7. «Мыкты үн режиссёру»;

8. «Мыкты монтаж»;

9. «Эркектин мыкты ролу»;

10. «Аялдын мыкты ролу»;

11. «Мыкты даректүү тасма»;

12. «Мыкты кыска метраждуу тасма»;

13. «Көрүүчүлөр жактырган тасма»;

14. «Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн»;

15. «Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн»;

16. «Борбор Азиянын мыкты тасмасы»;

17. «Борбор Азиянын мыкты актёру»;

18. «Борбор Азиянын мыкты актрисасы».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM