Биз менен байланышыңыз

Кытайдагы кышкы Олимпиада оюндарына чет өлкөлүк көрүүчүлөр киргизилбейт

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 30 Сен 2021 | 1406 | 0

Кытайда 2022-жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына чет өлкөлүк көрүүчүлөр киргизилбейт. Мындай чечимди Эл аралык Олимпиада комитети кабыл алды.

Билеттер Кытайдын материк бөлүгүндө жашаган жана коронавируска байланыштуу коюлган талаптарга жооп берген адамдарга сатылат. Коронавируска каршы толук эмдөөдөн өтө элек адамдар Бээжинге келгенден кийин үч жума карантинде болушат.

Эскерте кетсек, кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылы 4-20 февраль күндөрү Бээжинде болуп өтөт. Бээжин жайкы жана кышкы Олимпиада оюндары өткөн биринчи шаар болуп калат. Кытайдын борбор калаасында жайкы Олимпиада оюндары 2008-жылы өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM