Биз менен байланышыңыз

БШК менен TikTok шайлоо жүрүшүндө кызматташууну макулдашты

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 411 | 0

Кечээ, 29-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова TikTok платформасынын КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен иштешүү боюнча аймактык директору Александр Страх менен жолугушту.

Жолугушууда TikTok платформасында саясий үгүт иштерге жол бербөө макулдашылган.

Александр Страх, алардын платформасында көңүл ачуучу видеолор чыгарын жана саясий акы алынуучу жарнамаларга тыюу салынган билдирген.

Ошол эле учурда ал АКШ, Казакстан, Германия, Орусиядагы шайлоолордо сыналган шайлоо мезгилинде кызматташуу боюнча стандарт иштелип чыкканын айткан. Ага ылайык платформада элди бөлүп-жарган жана башка терс маанайдагы видеолорго тыюу салынат. Андай видеолор сервистен өчүрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM