Биз менен байланышыңыз

Гурбангулы Бердымухамедов «Кайраттуу түркмөн» медалы менен сыйланды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 785 | 0

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов эки мамлекеттик сыйлык менен сыйланды.

28-сентябрда Бердымухамедов Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө сыйлык жана аскердик наамдарды тапшыруу аземине катышкан. Анын жүрүшүндө Бердымухамедов өлкө парламенти тарабынан «Кайраттуу түркмөн» жана «Көз карандысыз Түркмөнстандын мекен сакчысы» медалдары менен сыйланды.

Медалдарды өлкө парламентинин төмөнкү палатасы Межлистин төрайымы Гүлшат Маммедова тапшырган.

Белгилейт кетсек, «Кайраттуу түркмөн» сыйлыгы Гурбангулы Бердымухамедов тарабынан 2019-жылы сентябрь айында түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM