Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыргыз соту жаргылчак сыяктуу, ага түшкөн адам оңой менен чыга албайт

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 643 | 1

Кыргыз соту жаргылчак сыяктуу, кокус ага түшсөң андан оңой менен чыга албайсың. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда президент Садыр Жапаров адвокаттардын II Съездинде билдирди.

«Кыргыз сот адилеттигинин тарыхында соттун таразасына түшүп калган адамдын тагдыры күтүүсүз кокустуктарга туш болгон мисалдар көп. Кыргыз соту жаргылчак сыяктуу, кокус ага түшсөң андан оңой менен чыга албайсың. Мен ошол жаргылчактын кыйынчылыктарын бир нече жыл бою башымдан өткөргөн адам катары айтып жатам. Чынын айтайын, эгерде адвокаттардын жардамы болбосо, биринчи кезекте алардын моралдык колдоосу болбосо, сот иштеринде башка түшкөн кыйынчылыктардан чыга алмак эмесмин», — деди ал.

Жапаров адвокаттар көз карандысыз иштеп, куугунтук, кол салуудан мыйзам аркылуу иш жүзүндө корголушу керектигин билдирди. Алардын ишине укук коргоо органдары жана башка таасирдүү адамдар кийлигишпеши зарыл. Болбосо адвокаттар өз милдеттерин аткара албай калат.

1 пикир

1 пикир

  1. Назира

    01.10.2021 01:16

    Саламатсыздарбы.Мен кошулам бирок гос адвакаттар менен иштеш кыйын. Мен азыркы кезде Сизо-1 де олтурам. Мага окшогон жабырлануучуларды кордум гос адвакат дегендин баары срок алууда.Сизо-1 ге келип иш материалдарын карап соттордун, тергоочулордун,гос адвакаттарын иштерин коруп кетсе деп атат элем

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM