Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоо катышуу үчүн БШКга 57 талапкер арыз берди

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 298 | 0

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин саны 57ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

57 талапкердин баары шайлоого өз алдынча аттанышууда. Азырынча партиялар бир мандаттуу округга өз талапкерлерин сунуштай элек. Белгилей кетсек, шайлоо мыйзамына ылайык бир мандаттуу округга талапкерди партиялар да көрсөтө алат.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM