Биз менен байланышыңыз

Нурбек Муктар: Бийлик Улуттук банктын резервине көз артып жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Сен 2021 | 3503 | 0

Бийлик Улуттук банкка өз сөзүнөн чыкпаган адамды алып келүүнү каалады. Мындай пикирин серепчи Нурбек Муктар «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкка келгенге чейин ал жакта 1,2-1,5 млрд доллар гана улуттук резерв болгон.

«Биздин мамлекеттин башына мүшкүл иш түшкөндө колдонобуз деген акчанын эсебин Сооронбай Жээнбековдун убагында Толкунбек Абдыгулов 1,2-1,5 миллиарддан 2,7 млрд долларга чейин чыгарган. Ал кезде жалгыз ошол адам иштечү. Абдыгулов турган үчүн менин келечекке прогнозум бар эле. Кытайлар акчасын сурап калса, бизде акча бар, ошондон бере калабыз дечүмүн. Кытайга карызыбыз 1,7 млрд доллар. Бул бергиле десе, аз сумма эмес. Кечээ Абдыгулов улуттук резерв 3,2 млрд долларга жеткенин, 6 айдын ичинде Улуттук банктын кирешеси 9 млрд сом болгонун айтты. Бул — абдан жакшы көрсөткүч.

Эми азыркы бийлик ошол резервге көз артып жатат. Кредиттик, гранттык линиялар жабылып, сырттан акча келбей калып, медиктердин, мугалимдердин айлыгына акча табуу маселеси келип чыкты. Анан бул проблеманы чечүүнүн эң жеңил жолу катары Улуттук банктын резервине көз арта баштады. Жеке компанияларды сатып ал дей баштады. Толкунбек Абдыгулов буга каршы чыккан үчүн бийликке ыңгайлуу болбой калды», — дейт серепчи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM