Биз менен байланышыңыз

Айтурган Темирова дүйнөлүк киноискусствого кошкон салымы үчүн сыйланды

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 428 | 0

Кыргызстандын Эл артисти Айтурган Темирова Ташкенттеги «Жибек Жолунун бермети» эл аралык кинофестивалында дүйнөлүк киноискусствого кошкон салымы үчүн атайын сыйлык менен сыйланды.

Айтурган Темировага сыйлыкты белгилүү режиссер Тимур Бекмамбетов тапшырган.

Темирова менен бирге кинофестивалда дүйнөлүк киноискусствого кошкон салымы үчүн атактуу индиялык актер маркум Радж Капур (сыйлыкты уулу Рандхир Капур алган), орусиялык режиссер Никита Михалков, тажикстандык актриса Сайрам Исаева жана түркиялык режиссер Нури Билге Жейлан сыйланган.

Белгилей кетсек, Ташкенттеги «Жибек Жолунун бермети» эл аралык кинофестивалы 28-сентябрдан 3-октябрга чейин болуп өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM