Биз менен байланышыңыз

Элдар Абакиров: Улуттук банк жетекчилигине тазараак кадрды койгондо болмок

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Сен 2021 | 1103 | 0

Улуттук банктын төрагалыгына тазараак кадрды койгондо болмок. Мындай пикирин экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал ар бир жарандын өзүнүн кызыкчылыгы жана жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы бар экенин эскертип, Толкунбек Абдыгулов Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн принциптерге туруп келгенин кошумчалады.

«Улуттук банктын алты негизги функциясы бар. Кыргызстан үчүн маанилүү функция — бул акча-кредиттик саясатын жүргүзүү, кыргыздын сомун басып чыгаруу. Ошол сом менен биз айлык алабыз, ошол сом менен күндө нан-май сатып алабыз, бензин сатып алабыз. Анын наркы түшсө, баарыбыз зыянга учурайбыз. Акыркы 1-2 күндө болгон окуялар банк системасына ишенимди бир аз төмөндөттү. Толкунбек Абдыгулов туура эмес нерселерге жол бербей келе жаткан. Ал эми Бөкөнтаев 2006-2010-жылдары Улуттук банктын төрагасынын орун басары кезинде көп акчаларды сырттан алып келип, «жууп-тазалап» берчү. Жалпы Кыргызстандын банк системасына «кир жуугуч» деген атка конуп калган ал кезде. Эң жаманы «Азия универсал банкта» Соцфонддун 2-3 млрд сому сакталып турган. Башкача айтканда, жуулган, мүмкүн кылмыштуу жол менен табылган акчалар менен элдин таза, пенсия ала турган акчасы аралашып кеткен. Ошондой «кашага» жол берген адамды кайра кызматка албай эле койгондо болмок. Кечээ депутаттар тарабынан ага карата өтмүшү тууралуу көп суроолор болду. Ошончолук тобокелчиликке салбай, тазараак эле жакшы кадрды коюш керек эле. Бизде Дүйнөлүк банктарда иштеп жүргөн, дүйнөлүк чоң-чоң компанияларды жетектеген көп кыргыздын балдары-кыздары бар», — дейт Абакиров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM