Биз менен байланышыңыз

«Келерки жылы Орто Азиядагы жаш ишкерлерди чогултуу максаты бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Сен 2021 | 508 | 0

7-октябрда Бишкекте өтө турган Жаш ишкерлер форумуна бизнес баштоодо кимден кеңеш алууну билбей жүргөн жаштар келип катышса болот. Бул тууралуу форумдун координатору Эрназар Шаршенбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бизнесте өнүгүү-өсүү, алдыга умтулуу болуш керек. Ошол себептен «мен өнүгөм, өсөм» деген жаш ишкерлерге эшик ачык. Экинчиден, билими бар, идеясы бар, бизнес-долбоору бар, бирок тилекке каршы таанышы жок, бирөөнөн барып кеңеш, багыт ала албаган, долбоорун кантип ишке ашырууну билбей жүргөн жаштар келип катышса болот.

«Биздин тажрыйбалуу конокторубуз бизнестеги сырлары тууралуу ачык айтып бергенге даяр. Аларга бош убакыт дагы беребиз, ошол убакытта таанышып, маалыма алып кетсе болот», — дейт ал.

Ошондой эле келерки жылы Орто Азиядагы жаш ишкерлерди бир аянтчага чогултуу ойлору бар экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM