Биз менен байланышыңыз

Жаныбеков: Айыл чарба кызматкерлерине муктаждык пайда боло баштады

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Сен 2021 | 1171 | 0

Бүгүнкү күндө айыл чарба кызматкерлерине муктаждык пайда боло баштады. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, малда жогорку продуктивдүүлүк, талаачылыкта жогорку түшүм болуусу үчүн кесипкөй адистердин консультациясы керек экенин дыйкандар түшүндү. Министр акыркы 3 жылда айыл чарба багыты боюнча бюджеттик окуу жайды 390 студент бүтүргөн болсо, анын он экиси гана өз кесиби менен иштеп жатканын кошумчалады.

«Бизде ветеринарияда аябай таңкыстык бар. Суу чарбасында адистер жетишпейт. Анан талаачылык кызматкерлеринде таңкыстык бар. Биз бүгүнкү күндө жалгыз эле Улуттук агрардык академия эмес, башка да окуу жайлар, экинчиден, ушундай эле тармактык институттар − Казакстан, Орусия, Венгрия, Чехия жана башка мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Бул багытта чоң көйгөй бар, муну бүгүн чечпесек, эртеңки күнү андан да чоң көйгөйдү жаратат», — деди министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM