Биз менен байланышыңыз

Быйылкы 6 айда жарым миллиард сомдук техника лизингге берилди

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Сен 2021 | 458 | 0

Эгемендүүлүктү алган 30 жылдын алгачкы он жылында Кыргызстандын машина-тракторлук паркы дээрлик жаңыланган эмес. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда дыйкандар жаңы техника болбосо жер иштетүүдө, оруп-жыюуда жоготуу көп болорун түшүнүшүп, жаңылануу интенсивдүү түрдө жүрүп жатат.

«2020-жылы дыйкандарга 537 бирдик техника 1 млрд. 48 млн сомго лизингге берилди. Быйылкы жарым жылдыкта 532 млн сомдук техника лизингге берилди. Мурун лизингге айыл чарба техникасын гана алуу мүмкүн болсо, быйыл тамчылатып сугаруу, жамгырлатып сугаруу техникаларына дагы абдан чоң көңүл буруп атабыз. Эмдиги жылкы жазга чейин бул багытта абдан чоң иштер жүргүзүлөт деген ойлорубуз бар», -деди министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM