Биз менен байланышыңыз

БШК парламенттик шайлогоо карата 15 млн сомго жеке коргонуучу каражаттарды сатып алат

Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 267 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлогоо карата жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

БШК жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга 15 миллион 79 миң сом сарпталат деп пландоодо.

Тендер бүгүн, 29-сентябрда жарыяланып, арыздар 13-октябрга чейин кабыл алынат.

Тендер боюнча 1,3 миллион сомго – санитайзерлер, 5 миллионго – шайлоочулар үчүн беткаптар, 951 миллионго – аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине респираторлор, 1,5 миллионго – спирт салфеткалары, 2,8 миллионго – коргонуучу кийимдер жана кол каптарды 3 млн 528 миң сомго сатып алуу пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM