Биз менен байланышыңыз

ММК: АКШ менен Орусия Борбор Азиядагы орусиялык базаларды чогуу пайдаланууну сүйлөштү

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 1006 | 0

АКШнын штаб башчыларынын комитетинин төрагасы Марк Милли 22-сентябрда Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов менен Борбор Азиядагы орусиялык аскер базаларын чогуу колдонууну сүйлөштү. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы АКШнын өкмөтүндөгү булактарына таянып жазды.

Басылма АКШ Ооганстандагы террордук коркунучтарга жооп кайтаруу үчүн орусиялык аскер базаларды колдонууну көздөп жатканын жазган. Бул маселе боюнча Орусия тараптан ачык жооп айтылган эмес.

Июль айында америкалык ММКлар Орусия менен АКШнын президенттеринин Женевада болгон жолугушуусунда Путин Байденге Ооганстандан маалымат чогултуу үчүн Кыргызстан жана Тажикстандагы аскер базаларын колдонууну сунуштаганын жазган.

Бирок Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстан менен Тажикстандагы аскер базаларын пайдалануу сунушу болбогонун билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM