Connect with us

30-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 564 | 0

Эртең, 30-сентябрда Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Талас облусунда жаан жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6 … +11, күндүз +19 … +24;

Талас облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +20 … +25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9 … +14, күндүз +24… +29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +19 … +24;

Нарын облусунда түнкүсүн +3 … +8, күндүз +20 … +25 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8 … +10, күндүз +21 … +23 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM